КОПЕТДАГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОПЕТДАГ</b> – Иран ж-а Түркмөнстандын айма­гындагы тоо тармагы. <i>Түркмөн-Харасан тооло­рунун</i> | <b type='title'>КОПЕТДАГ</b> – Иран ж-а Түркмөнстандын айма­гындагы тоо тармагы. <i>Түркмөн-Харасан тооло­рунун</i> түндүк бөлүгү. Иран тайпак тоосунун түндүк четинде. Узундугу 650 <i>км</i>дей, туурасы 40 <i>км</i>дей (түштүк-чыгышында) 200 <i>км</i>ге (түндүк-батышында) чейин. Эң бийик жери 3117 <i>м</i> (Ирандын аймагындагы Хезармесжед чокусу); Түркмөнстандын аймагын­да 2942 <i>м</i> (Ризе чокусу). Копетдаг Жер ортолук деңиз­дик геосинклиналь кырчоосунун орто бийик кырка тоолорунун тармагына кирет. Бири-би­рине жарыш созулуп жаткан кырка тоолору, жалдары ж-а платолору узата ж-а туурасынан кеткен өрөөндөр м-н бөлүнгөн. Негизинен чөкмө тектерден (акиташ, мергель, кумдук, конгломе­рат, чопо) түзүлгөн. Карст процесси өөрчүгөн (Ба­харден үңкүрү). Сымап, мышьяк, бариттин кен­дери бар; минералдуу жылуу булактар көп. Ка­туу жер титирөөлөр болуп турат (мисалы, 1948- жылкы Ашхабад жер титирөөсү). Жер ортолук деңиздик типтеги субтропиктик ж-а кургакчыл климат өкүм сүрөт. Дарыялары агымынын көп бөлүгүндө соолуп калат. Этегиндеги түздүктөрдү ж-а тоо этектерин шыбак-эфемерлүү чөл, кап­талдарынын 500 <i>м</i> бийиктеги бөлүгүн кыйгак чөп-жылгындуу жарым чөл ээлейт. 1500 <i>м</i> би­йикке чейин дан өсүмдүктүү субтропик талаа­сы, андан өйдө ак кылкан-бетегелүү талаа, арча ж-а мисте өскөн сейрек токой мүнөздүү. Копет­даг, Сюит-Хасардаг коруктары (Түркмөнстан), Тандурек улуттук паркы (Иран) бар. | ||
четинде. | |||
чыгышында) 200 <i>км</i>ге ( | |||
чөп-жылгындуу жарым чөл ээлейт. 1500 <i>м</i> би­йикке чейин дан өсүмдүктүү субтропик талаа­сы, андан өйдө ак кылкан-бетегелүү талаа, арча ж-а мисте өскөн сейрек токой мүнөздүү. Копет­даг, Сюит-Хасардаг коруктары (Түркмөнстан), Тандурек улуттук паркы (Иран) бар. | |||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
10:21, 1 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
КОПЕТДАГ – Иран ж-а Түркмөнстандын аймагындагы тоо тармагы. Түркмөн-Харасан тоолорунун түндүк бөлүгү. Иран тайпак тоосунун түндүк четинде. Узундугу 650 кмдей, туурасы 40 кмдей (түштүк-чыгышында) 200 кмге (түндүк-батышында) чейин. Эң бийик жери 3117 м (Ирандын аймагындагы Хезармесжед чокусу); Түркмөнстандын аймагында 2942 м (Ризе чокусу). Копетдаг Жер ортолук деңиздик геосинклиналь кырчоосунун орто бийик кырка тоолорунун тармагына кирет. Бири-бирине жарыш созулуп жаткан кырка тоолору, жалдары ж-а платолору узата ж-а туурасынан кеткен өрөөндөр м-н бөлүнгөн. Негизинен чөкмө тектерден (акиташ, мергель, кумдук, конгломерат, чопо) түзүлгөн. Карст процесси өөрчүгөн (Бахарден үңкүрү). Сымап, мышьяк, бариттин кендери бар; минералдуу жылуу булактар көп. Катуу жер титирөөлөр болуп турат (мисалы, 1948- жылкы Ашхабад жер титирөөсү). Жер ортолук деңиздик типтеги субтропиктик ж-а кургакчыл климат өкүм сүрөт. Дарыялары агымынын көп бөлүгүндө соолуп калат. Этегиндеги түздүктөрдү ж-а тоо этектерин шыбак-эфемерлүү чөл, капталдарынын 500 м бийиктеги бөлүгүн кыйгак чөп-жылгындуу жарым чөл ээлейт. 1500 м бийикке чейин дан өсүмдүктүү субтропик талаасы, андан өйдө ак кылкан-бетегелүү талаа, арча ж-а мисте өскөн сейрек токой мүнөздүү. Копетдаг, Сюит-Хасардаг коруктары (Түркмөнстан), Тандурек улуттук паркы (Иран) бар.