ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ</b> Индиядан түштүктө, Инди океанындагы Чагос архипелагында. Аймак 6 атоллду | <b type='title'>ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ</b> Индиядан түштүктө, Инди океанындагы Чагос архипелагында жайгашкан. Аймак 6 атоллду жана 56 арал­ды камтыйт. Башкы аралы – Диего-Гарсия. Климаты тропиктик деңиздик; ысык, нымдуу; толкундуу шамал тез-тез болуп турат. Аралды 16-кылымдын башында португалиялыктар ачкан. Император Наполеон 1814-жылы басып алганга че­йин француздардын башкаруусунда болгон. Ан­дан соң англичандарга өткөн. Англиянын Маврикий аралдар тобунун курамына кирген аралдар 1966-жылы көз каранды эместикке ээ болуп, Сейшель аралынын курамына өткөн. 1976-жылы 23-июнда Чагос архи­пелагы Сейшель аралынан өзүнчө бөлүнүп, Инди океанындагы Британия аймагын түзгөн. Калган аралдары ээн. Диего-Гарсия аралы деңиз деңгээлинен 4 <i>м</i> бийиктикте. Анын чыгыш бөлүгү­нүн табиятына кол тийбестен сакталып келүүдө. Аралда адамдын чарбалык ж. б. иш аракетине тыюу салынып, илимий-изилдөө иштери гана жүргүзүлөт. Аймакты Улуу Британия королевасы башкарат. 1971-жылга чейин копра өндүрүлгөн. Диего-Гарсия аралында АКШнын аскер-деңиз базасы курулган. Тейлөө кызматында ондогон англичандар иш­тейт. Аралдардын көбүндө жол салынган эмес; Диего-Гарсия аралында аскерлер турган порт менен аэро­дромдун аралыгында кыска жол бар. Тейлөө кыз­маткерлери велосипед менен катнаш жасайт. Арал­дын экономикасына байланыштуу иш-чаралар Диего-Гарсияда жүргүзүлөт. Калган аралдары ээн болгону менен балык кармалат (жылына млн дол­ларга жакын киреше алып келет). Жапайы эшек­тер (сырттан алынып келинген) көп кездешет. Ошондой эле краб, сойлоп жүрүүчүлөр да бар. Тропик куштары мекендейт. | ||
Ад.: Все о странах мира, атлас – справочник. Санкт-Петербург, 2006. | |||
<i type="author">Р. Карачалова</i> | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
05:30, 1 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
ИНДИ ОКЕАНЫНДАГЫ БРИТАНИЯ АЙМАГЫ Индиядан түштүктө, Инди океанындагы Чагос архипелагында жайгашкан. Аймак 6 атоллду жана 56 аралды камтыйт. Башкы аралы – Диего-Гарсия. Климаты тропиктик деңиздик; ысык, нымдуу; толкундуу шамал тез-тез болуп турат. Аралды 16-кылымдын башында португалиялыктар ачкан. Император Наполеон 1814-жылы басып алганга чейин француздардын башкаруусунда болгон. Андан соң англичандарга өткөн. Англиянын Маврикий аралдар тобунун курамына кирген аралдар 1966-жылы көз каранды эместикке ээ болуп, Сейшель аралынын курамына өткөн. 1976-жылы 23-июнда Чагос архипелагы Сейшель аралынан өзүнчө бөлүнүп, Инди океанындагы Британия аймагын түзгөн. Калган аралдары ээн. Диего-Гарсия аралы деңиз деңгээлинен 4 м бийиктикте. Анын чыгыш бөлүгүнүн табиятына кол тийбестен сакталып келүүдө. Аралда адамдын чарбалык ж. б. иш аракетине тыюу салынып, илимий-изилдөө иштери гана жүргүзүлөт. Аймакты Улуу Британия королевасы башкарат. 1971-жылга чейин копра өндүрүлгөн. Диего-Гарсия аралында АКШнын аскер-деңиз базасы курулган. Тейлөө кызматында ондогон англичандар иштейт. Аралдардын көбүндө жол салынган эмес; Диего-Гарсия аралында аскерлер турган порт менен аэродромдун аралыгында кыска жол бар. Тейлөө кызматкерлери велосипед менен катнаш жасайт. Аралдын экономикасына байланыштуу иш-чаралар Диего-Гарсияда жүргүзүлөт. Калган аралдары ээн болгону менен балык кармалат (жылына млн долларга жакын киреше алып келет). Жапайы эшектер (сырттан алынып келинген) көп кездешет. Ошондой эле краб, сойлоп жүрүүчүлөр да бар. Тропик куштары мекендейт.
Ад.: Все о странах мира, атлас – справочник. Санкт-Петербург, 2006.
Р. Карачалова