ИЛЕ АЛА-ТООСУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЛЕ АЛА-ТООСУ</b> – Теңир-Тоо тармагынын бир тармагы, кырка тоо. Кыргызстан | <b type='title'>ИЛЕ АЛА-ТООСУ</b> – Теңир-Тоо тармагынын бир тармагы, кырка тоо. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында. Басымдуу бийиктиги 3500 <i>м</i>ге жа­кын, эң бийик жери – Талгар чокусу, 4973 <i>м</i>. Архей заманында пайда болуп, өзгөрүүлөргө дуу­шарланган жана метаморфизмделип, гранитке [[File:ИЛЕ АЛА-ТООСУ94.png | thumb | none]] | ||
өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Про­терозой менен палеозойдун (кембрий, ордовик, девон, карбон, пермь) тоо тектери да бар. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит жана сиениттердин массивдери кез­дешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзүп жатат. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек жана чачынды элементтер, кооз мрамор, гранит ж. б. кендери бар. Кырка тоо борбордук бөлүгүнөн батышты жана чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик жана кыска, түндүгү жазы. Кээ бир чокула­рын мөңгү каптап жатат (жалпы аянты 484 миң <i>км</i><sup>2</sup>). Түндүк капталынан Иле дарыясынын, түш­түгүнөн Чоң Кемин суусунун куймалары баш­талат. Иле Ала-Тоосуна жарым чөл (900–1300 <i>м</i> бийик­ке), талаа (900–1900 <i>м</i>), токой-шалбаалуу та­лаа (1400–2800 <i>м</i>), шалбаалуу субальп (2500– 3100 <i>м</i>), шалбаалуу альп (3100–3500 <i>м</i>) жана гля­циалдык-нивалдык (3500 <i>м</i>ден жогору) ланд­шафт алкактары мүнөздүү. Түндүк этегинен Алма­ты шаары орун алган. | |||
өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Про­терозой | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:23, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
ИЛЕ АЛА-ТООСУ – Теңир-Тоо тармагынын бир тармагы, кырка тоо. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында. Басымдуу бийиктиги 3500 мге жакын, эң бийик жери – Талгар чокусу, 4973 м. Архей заманында пайда болуп, өзгөрүүлөргө дуушарланган жана метаморфизмделип, гранитке

өткөн байыркы тоо тек катмарлары жатат. Протерозой менен палеозойдун (кембрий, ордовик, девон, карбон, пермь) тоо тектери да бар. Тоо этектеринде антропоген мезгилинин чөкмөлөрү жатат. Интрузия тоо тектеринен гипербазит, габбро, гранит жана сиениттердин массивдери кездешет. Тоонун мезозойго чейинки тектоникасы татаал, ал эми азыркы учурда ал негизинен бир мегантиклиналды түзүп жатат. Полиметалл, висмут, алтын, молибден, сейрек жана чачынды элементтер, кооз мрамор, гранит ж. б. кендери бар. Кырка тоо борбордук бөлүгүнөн батышты жана чыгышты карай жапыздайт. Түштүк капталдары тик жана кыска, түндүгү жазы. Кээ бир чокуларын мөңгү каптап жатат (жалпы аянты 484 миң км2). Түндүк капталынан Иле дарыясынын, түштүгүнөн Чоң Кемин суусунун куймалары башталат. Иле Ала-Тоосуна жарым чөл (900–1300 м бийикке), талаа (900–1900 м), токой-шалбаалуу талаа (1400–2800 м), шалбаалуу субальп (2500– 3100 м), шалбаалуу альп (3100–3500 м) жана гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Түндүк этегинен Алматы шаары орун алган.