КОНТРАКТУРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОНТРАКТУ&#769;РА</b> (лат. contractura – тартылуу) – муун кыймылынын убактылуу же туруктуу чек&shy;телиши. К-нын бүгүлгөн (муун сунулбай калган) ж-а сунулган (бүгүлбөй калган), тубаса же кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса К. булчуң, муун, теринин өөрчүп жетилбей калышынан болот, мис., кыйшык моюн, жалпак таман, арт&shy;рогрипоз ж. б. өсүү кемтиктерине байланыштуу К. туруктуу болот. Кийин пайда болгон К. күйүктөн, муун байламталары кокустаганда же сезгенгенде, булчуңдун түрдүү патол. процесстеринде, тарамыштын жабыркашынан, о. эле борб. ж-а четки нерв системаларынын ооруларында болот (мис., инсульт). Муунду узакка гипстеп, кыймылсыз таңууда же төшөктө көпкө кыймылсыз жаткан оорулууда пайда болушу ыктымал. К-ны өз убагында дарылабаса, муун толук кыймылдабай калышы мүмкүн. Тизенин сунулган К-сында адамдын басышы бузулат, чыканактын сунулган К-сында кийимин топчулай албай, кашыкты оозуна жеткире албайт. Бүгүлгөн тизе К-сында оорулуу бутуна таянып баса албай калат, ал эми чыканактын бүгүлгөн К-сында көп жумуш аткарылат. Туруктуу К-ны дарылоону адис-ортопед жүргүзүп, аппарат м-н тартуу, гипстеп таңуу, гимнастика, укалоо, фи&shy;зиотерапия, керек болсо хирург. операция жасалат.
<b type='title'>КОНТРАКТУ&#769;РА</b> (лат. contractura – тартылуу) – муун кыймылынын убактылуу же туруктуу чек&shy;телиши. Контрактуранын бүгүлгөн (муун сунулбай калган) ж-а сунулган (бүгүлбөй калган), тубаса же кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса контрактура булчуң, муун, теринин өөрчүп жетилбей калышынан болот, мисалы, кыйшык моюн, жалпак таман, арт&shy;рогрипоз ж. б. өсүү кемтиктерине байланыштуу онтрактура туруктуу болот. Кийин пайда болгон контрактура күйүктөн, муун байламталары кокустаганда же сезгенгенде, булчуңдун түрдүү патологиялык процесстеринде, тарамыштын жабыркашынан, ошондой эле борбордук ж-а четки нерв системаларынын ооруларында болот (мисалы, инсульт). Муунду узакка гипстеп, кыймылсыз таңууда же төшөктө көпкө кыймылсыз жаткан оорулууда пайда болушу ыктымал. Контрактураны өз убагында дарылабаса, муун толук кыймылдабай калышы мүмкүн. Тизенин сунулган контрактурасында адамдын басышы бузулат, чыканактын сунулган контрактурасында кийимин топчулай албай, кашыкты оозуна жеткире албайт. Бүгүлгөн тизе контрактурасында оорулуу бутуна таянып баса албай калат, ал эми чыканактын бүгүлгөн контрактурасында көп жумуш аткарылат. Туруктуу контрактураны дарылоону адис-ортопед жүргүзүп, аппарат м-н тартуу, гипстеп таңуу, гимнастика, укалоо, фи&shy;зиотерапия, керек болсо хирургиялык операция жасалат.
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]
[[Категория:4-том,_403-452_бб]]

07:49, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОНТРАКТУ́РА (лат. contractura – тартылуу) – муун кыймылынын убактылуу же туруктуу чек­телиши. Контрактуранын бүгүлгөн (муун сунулбай калган) ж-а сунулган (бүгүлбөй калган), тубаса же кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса контрактура булчуң, муун, теринин өөрчүп жетилбей калышынан болот, мисалы, кыйшык моюн, жалпак таман, арт­рогрипоз ж. б. өсүү кемтиктерине байланыштуу онтрактура туруктуу болот. Кийин пайда болгон контрактура күйүктөн, муун байламталары кокустаганда же сезгенгенде, булчуңдун түрдүү патологиялык процесстеринде, тарамыштын жабыркашынан, ошондой эле борбордук ж-а четки нерв системаларынын ооруларында болот (мисалы, инсульт). Муунду узакка гипстеп, кыймылсыз таңууда же төшөктө көпкө кыймылсыз жаткан оорулууда пайда болушу ыктымал. Контрактураны өз убагында дарылабаса, муун толук кыймылдабай калышы мүмкүн. Тизенин сунулган контрактурасында адамдын басышы бузулат, чыканактын сунулган контрактурасында кийимин топчулай албай, кашыкты оозуна жеткире албайт. Бүгүлгөн тизе контрактурасында оорулуу бутуна таянып баса албай калат, ал эми чыканактын бүгүлгөн контрактурасында көп жумуш аткарылат. Туруктуу контрактураны дарылоону адис-ортопед жүргүзүп, аппарат м-н тартуу, гипстеп таңуу, гимнастика, укалоо, фи­зиотерапия, керек болсо хирургиялык операция жасалат.