«АМИРАНИАНИ» эпосу: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Батма No edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''«АМИРАНИАНИ»''' («Күн баласы») – байыркы грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы | '''«АМИРАНИАНИ»''' («Күн баласы») – байыркы грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амираниани чагылгандуу булут кудайынын кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн, кудайлар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жекеме-жеке күрөшкө чыккан. Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ тоолорунун аскасына матап салат. Бул уламыш Грузияда, биздин заманга чейин 5-4-кылымдарда эле болгондугун байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары далилдейт. Амираниани жөнүндөгү уламыш кийин Байыркы Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га жакын варианты бар. | ||
[[Файл:Амирани.jpg|left|thumb]] | [[Файл:Амирани.jpg|left|thumb]] | ||
[[Файл:Амирани2.jpg|alt=А|thumb]] | [[Файл:Амирани2.jpg|alt=А|thumb]] | ||
<br> | <br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
04:14, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
«АМИРАНИАНИ» («Күн баласы») – байыркы грузин элинин баатырдык эпосу. Эпостун каарманы Амираниани чагылгандуу булут кудайынын кызын уурдап кетип, адамдарды мифтик дөөлөрдүн туткунунан бошотуп, аларга от жакканды, темирден курал, буюм жасаганды үйрөткөн, кудайлар менен жекеме-жеке күрөшкө чыккан. Ошондуктан Кудай аны катуу жазалап, Кавказ тоолорунун аскасына матап салат. Бул уламыш Грузияда, биздин заманга чейин 5-4-кылымдарда эле болгондугун байыркы грек жазуучуларынын чыгармалары далилдейт. Амираниани жөнүндөгү уламыш кийин Байыркы Грецияга тарап, Прометей тууралуу мифке кошулуп кеткен. Азыркы күндө эпостун 120га жакын варианты бар.

