ИБАДАН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИБА́ДАН</b> – Нигериянын түштүк-батышындагы шаар. Ойо штатынын | <b type='title'>ИБА́ДАН</b> – Нигериянын түштүк-батышындагы шаар. Ойо штатынын администрациялык борбору. Калкы 3,8 млн (2007; шаар айланасы менен 4,7 млн); кал­кынын саны боюнча өлкөдөгү Лагос менен Канодон кийинки 3-шаар. Жол тоому. Лагос – Кано темир жол магистралындагы бекет. Аэропорту бар. 1829-жылы негизделген. Шаар-мамлекет катары өнүккөн. Жети дөңсөөгө жайгашып, айланта 16 дарбазалуу ылай дубалдар менен курчалган. Шаар­дын эски бөлүгүндө 1–2 кабаттуу ылайдан салынган үйлөр сакталган. Заманбап курулуш­тарынын бири Коко-хаустун имараты (Тропик­тик Африкадагы эң бийик курулуш). Шаар – өлкөнүн ири соода жана өнөр жай борборлору­нун бири. Тамак-аш, тамеки, автомобиль ку­раштыруу өнөр жайлары жана жыгач, пластмасса жана резинадан буюм жасоочу ишканалар иш­тейт. Тери өңдөлүп, кол өнөрчүлүк (килем, кез­деме токуу, боёо, карапа, металл иштетүү) өнүккөн. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Ибадан), институт­тар, илимий коомдор жана ассоциациялар (анын ичинде гео­графия, экономика, микробиология), коллеж­дер, китепкана, музейлер (анын ичинде этнография), улут­тук архив ж. б. бар. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
04:05, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
ИБА́ДАН – Нигериянын түштүк-батышындагы шаар. Ойо штатынын администрациялык борбору. Калкы 3,8 млн (2007; шаар айланасы менен 4,7 млн); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Лагос менен Канодон кийинки 3-шаар. Жол тоому. Лагос – Кано темир жол магистралындагы бекет. Аэропорту бар. 1829-жылы негизделген. Шаар-мамлекет катары өнүккөн. Жети дөңсөөгө жайгашып, айланта 16 дарбазалуу ылай дубалдар менен курчалган. Шаардын эски бөлүгүндө 1–2 кабаттуу ылайдан салынган үйлөр сакталган. Заманбап курулуштарынын бири Коко-хаустун имараты (Тропиктик Африкадагы эң бийик курулуш). Шаар – өлкөнүн ири соода жана өнөр жай борборлорунун бири. Тамак-аш, тамеки, автомобиль кураштыруу өнөр жайлары жана жыгач, пластмасса жана резинадан буюм жасоочу ишканалар иштейт. Тери өңдөлүп, кол өнөрчүлүк (килем, кездеме токуу, боёо, карапа, металл иштетүү) өнүккөн. ИИИлер, университеттер (анын ичинде Ибадан), институттар, илимий коомдор жана ассоциациялар (анын ичинде география, экономика, микробиология), коллеждер, китепкана, музейлер (анын ичинде этнография), улуттук архив ж. б. бар. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган.