КОНСЕРВАЛОО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОНСЕРВАЛОО</b> (азык-түлүктү) – тамак-аш азык-түлүктөрүн узак убакытка сактоодо бузулуп кетпеши үчүн иштетүү ыкмалары. Негизинен азык-түлүктөр андагы микроорганиздердин көбөйүшүнөн ж-а азык-түлүктөрдүн курамындагы ферменттердин терс аракетинен бузулат. | <b type='title'>КОНСЕРВАЛОО</b> (азык-түлүктү) – тамак-аш азык-түлүктөрүн узак убакытка сактоодо бузулуп кетпеши үчүн иштетүү ыкмалары. Негизинен азык-түлүктөр андагы микроорганиздердин көбөйүшүнөн ж-а азык-түлүктөрдүн курамындагы ферменттердин терс аракетинен бузулат. Консервалоонун бардык ыкмасынын негизги максаты – микроорганиздерди жок кылуу, ферменттердин активдүү аракеттерин токтотуу болуп эсептелет. Анын ыкмасына стерилдөө, пастерлөө, тоңдуруу, кургатуу, туздоо, ыштоо (сүрсүтүү), кант ж-а химиялык заттарды кошуп иштетүү кирет. Консервалоонун бардык ыкмасында азык-түлүк алгач сорттолот, жуулат, желбөөчү бөлүктөрүнөн тазаланат. Эт азыктарынын тарамыштары, балыктын түрпүлөрү ж-а ичи алынып ташталат. Стерилдөөдө азык-түлүк 100–140°С температурага чейин, пастерлөөдө 100°Сге чейин ысытылса, тоңдуруу үчүн –18°тан –25°С температурага чейин муздатылат. Кур­гатууда азык-түлүктөгү ным жок кылынат. Ошентип, консервалоонун бардык ыкмаларында микро­организмдердин жашоо чөйрөсүн жок кылуу ча­ралары көрүлөт (к. <i>Стерилдөө, Пастерлөө, Тоң­дуруу</i>). | ||
[[Категория:4-том,_403-452_бб]] | [[Категория:4-том,_403-452_бб]] | ||
10:05, 27 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОНСЕРВАЛОО (азык-түлүктү) – тамак-аш азык-түлүктөрүн узак убакытка сактоодо бузулуп кетпеши үчүн иштетүү ыкмалары. Негизинен азык-түлүктөр андагы микроорганиздердин көбөйүшүнөн ж-а азык-түлүктөрдүн курамындагы ферменттердин терс аракетинен бузулат. Консервалоонун бардык ыкмасынын негизги максаты – микроорганиздерди жок кылуу, ферменттердин активдүү аракеттерин токтотуу болуп эсептелет. Анын ыкмасына стерилдөө, пастерлөө, тоңдуруу, кургатуу, туздоо, ыштоо (сүрсүтүү), кант ж-а химиялык заттарды кошуп иштетүү кирет. Консервалоонун бардык ыкмасында азык-түлүк алгач сорттолот, жуулат, желбөөчү бөлүктөрүнөн тазаланат. Эт азыктарынын тарамыштары, балыктын түрпүлөрү ж-а ичи алынып ташталат. Стерилдөөдө азык-түлүк 100–140°С температурага чейин, пастерлөөдө 100°Сге чейин ысытылса, тоңдуруу үчүн –18°тан –25°С температурага чейин муздатылат. Кургатууда азык-түлүктөгү ным жок кылынат. Ошентип, консервалоонун бардык ыкмаларында микроорганизмдердин жашоо чөйрөсүн жок кылуу чаралары көрүлөт (к. Стерилдөө, Пастерлөө, Тоңдуруу).