АТЛАХ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АТЛАХ''' | '''АТЛАХ''' – Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-кылымдардагы Тараз шаарына (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. ''Махмуд Кашгари'' да Атлахты Тараз шаарынын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-''Мукаддасинин'' жана аль-''Истахринин'' (10-кылым) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп менен курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу жана бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири боюнча ''Жоон-Дөбө шаар калдыгы'' Атлах шаарынын орду болушу мүмкүн. Атлах шаары кытай аскерлери менен араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы 751-жылы салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, кара. ''Атлах салгылашуусу.

С. Өмүрзаков.''
| С. Өмүрзаков.''

''[[Категория:1-Том]]'' | ''[[Категория:1-Том]]'' | ||
05:05, 26 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АТЛАХ – Талас өрөөнүндөгү орто кылымга таандык ири шаарлардын бири. Талас суусунун боюнда 6‒12-кылымдардагы Тараз шаарына (кийин Ауле-Ата, Жамбыл) жакын жайгашкан. Махмуд Кашгари да Атлахты Тараз шаарынын жанындагы шаар экендигин белгилеп кеткен. Араб географы, тарыхчысы аль-Мукаддасинин жана аль-Истахринин (10-кылым) эмгектериндеги маалыматтарга караганда, шаар тегерете чеп менен курчалып мечит, базарлары бар, жүзүмзарлуу жана бак-шактуу шаар болгон. Археолог А. Н. Бернштамдын пикири боюнча Жоон-Дөбө шаар калдыгы Атлах шаарынын орду болушу мүмкүн. Атлах шаары кытай аскерлери менен араб, карлук күчтөрүнүн ортосундагы 751-жылы салгылашуу болгон жер катары тарыхта белгилүү, кара. Атлах салгылашуусу.
С. Өмүрзаков.