КОМПЬЮТЕРДИК ЛИНГВИСТИКА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМПЬЮТЕРДИК ЛИНГВИ́СТИКА</b> (сөзмө сөз англисче computational linguistics дегенден) – кол­донмо лингвистиканын бир багыты, анда тил­ди изилдөөдө ж-а тигил же бул шартта, жаг­дайда, тилдин кызматын моделдөөдө компью­тердик программалар, компьютердик маалымат иштетүү технологиялары түзүлөт ж-а колдону­лат. Экинчи жагынан бул тилдин компьютер­дик моделдерин лингвистикада жана ага танапташ илим тармактарында пайдалануу чөйрөсү.<br>Өзгөчө илимий багыт катары Европада 1960-жыл­дары калыптанган. Көп учурда тилди ж-а кеп­ти изилдөөдө окуп-үйрөнүүнүн негизги аспабы катары анализдөөнүн сандык жана статисти­калык методдорун колдонууну мүнөздөгөн | <b type='title'>КОМПЬЮТЕРДИК ЛИНГВИ́СТИКА</b> (сөзмө сөз англисче computational linguistics дегенден) – кол­донмо лингвистиканын бир багыты, анда тил­ди изилдөөдө ж-а тигил же бул шартта, жаг­дайда, тилдин кызматын моделдөөдө компью­тердик программалар, компьютердик маалымат иштетүү технологиялары түзүлөт ж-а колдону­лат. Экинчи жагынан бул тилдин компьютер­дик моделдерин лингвистикада жана ага танапташ илим тармактарында пайдалануу чөйрөсү.<br>Өзгөчө илимий багыт катары Европада 1960-жыл­дары калыптанган. Көп учурда тилди ж-а кеп­ти изилдөөдө окуп-үйрөнүүнүн негизги аспабы катары анализдөөнүн сандык жана статисти­калык методдорун колдонууну мүнөздөгөн «к в а н т а т и в д и к л и н г в и с т и к а» термини компьютердик лингвистиканын алкагында каралат. Тил или­минде статистикалык методдорду колдонуу тил­дин структуралык моделин ыктымалдуулук ком­поненти менен толуктоого, башкача айтканда теориялык түшүн­дүрүүгө ыңгайлуу структуралык-ыктымалдык модель түзүүгө мүмкүндүк берет. Колдонмо жаа­тында квантативдик лингвистика ушул модел­дин тилдин кызматына лингвистикалык мониторинг жүргүзүүдө, коддолгон текстти чечмелөөдө, текстти авторлоштурууда (башкача айтканда тексттин атри­буттарын аныктоодо) колдонулуучу фрагмент­терин колдонот. Компьютердик лингвистиканы ж-а анын проблемала­рын баарлашууну моделдештирүү, башкача айтканда адам менен ЭЭМдин табигый же чектелген табигый тилде өз ара аракеттенишүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле маалымат издөө системасынын теория­сы жана практикасы менен байланыштырышат. Текстти уюштуруунун өзгөчө ыкмасы же көп касиеттери боюнча китеп басууда калыптанган ка­димки тексттен айырмаланган тексттин тапта­кыр жаңы түрү катары каралуучу гипертекст­тик системаларды түзүү боюнча жумуштар да бел­гилүү даражада Компьютердик лингвистикага тийиштүү. А в т о м а т­ т ы к к о т о р у у (текстти бир табигый тилден экинчисине компьютердин жардамы менен которуу) да компьютердик лингвистикада каралат. Компьютердик лингвистиканын алкагында 1980–90-жылдардан активдүү өнүгүп жаткан салыштырмалуу жаңы багыт – к о р ­п у с т у к л и н г в и с т и к а пайда болду, анда маалыматтардын (тексттердин) лингвистикалык кор­пустарынын жалпы түзүлүш принциптери за­манбап компьютердик технологиялар колдону­луп иштелип чыгат. Текст корпусу – бул маа­лымат алып жүргүчтөргө жайгаштырылган жана автоматтык иштетүүгө арналган китеп, журнал, гезит ж. б. атайын тандалган жый­нагы. Маалымат корпустарын конструкция­лоодон башка корпустук лингвистика текст кор­пусунан ар кандай маалыматтарды алып чы­гууга арналган компьютердик аспаптарды (ком­пьютердик программаларды) да түзөт. Компьютердик лингвистика б-ча изилдөө иштерин бүткүл дүйнөдө регион­дук түзүмдөрү бар компьютердик лингвистика ассоциациясы жүргүзөт. | ||
«к в а н т а т и в д и к л и н г в и с т и к а» термини | |||
алкагында 1980–90-жылдардан активдүү өнүгүп | |||
жаткан салыштырмалуу жаңы багыт – к о р­п у с т у к л и н г в и с т и к а пайда болду, анда маалыматтардын (тексттердин) | |||
10:11, 25 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОМПЬЮТЕРДИК ЛИНГВИ́СТИКА (сөзмө сөз англисче computational linguistics дегенден) – колдонмо лингвистиканын бир багыты, анда тилди изилдөөдө ж-а тигил же бул шартта, жагдайда, тилдин кызматын моделдөөдө компьютердик программалар, компьютердик маалымат иштетүү технологиялары түзүлөт ж-а колдонулат. Экинчи жагынан бул тилдин компьютердик моделдерин лингвистикада жана ага танапташ илим тармактарында пайдалануу чөйрөсү.
Өзгөчө илимий багыт катары Европада 1960-жылдары калыптанган. Көп учурда тилди ж-а кепти изилдөөдө окуп-үйрөнүүнүн негизги аспабы катары анализдөөнүн сандык жана статистикалык методдорун колдонууну мүнөздөгөн «к в а н т а т и в д и к л и н г в и с т и к а» термини компьютердик лингвистиканын алкагында каралат. Тил илиминде статистикалык методдорду колдонуу тилдин структуралык моделин ыктымалдуулук компоненти менен толуктоого, башкача айтканда теориялык түшүндүрүүгө ыңгайлуу структуралык-ыктымалдык модель түзүүгө мүмкүндүк берет. Колдонмо жаатында квантативдик лингвистика ушул моделдин тилдин кызматына лингвистикалык мониторинг жүргүзүүдө, коддолгон текстти чечмелөөдө, текстти авторлоштурууда (башкача айтканда тексттин атрибуттарын аныктоодо) колдонулуучу фрагменттерин колдонот. Компьютердик лингвистиканы ж-а анын проблемаларын баарлашууну моделдештирүү, башкача айтканда адам менен ЭЭМдин табигый же чектелген табигый тилде өз ара аракеттенишүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле маалымат издөө системасынын теориясы жана практикасы менен байланыштырышат. Текстти уюштуруунун өзгөчө ыкмасы же көп касиеттери боюнча китеп басууда калыптанган кадимки тексттен айырмаланган тексттин таптакыр жаңы түрү катары каралуучу гипертексттик системаларды түзүү боюнча жумуштар да белгилүү даражада Компьютердик лингвистикага тийиштүү. А в т о м а т т ы к к о т о р у у (текстти бир табигый тилден экинчисине компьютердин жардамы менен которуу) да компьютердик лингвистикада каралат. Компьютердик лингвистиканын алкагында 1980–90-жылдардан активдүү өнүгүп жаткан салыштырмалуу жаңы багыт – к о р п у с т у к л и н г в и с т и к а пайда болду, анда маалыматтардын (тексттердин) лингвистикалык корпустарынын жалпы түзүлүш принциптери заманбап компьютердик технологиялар колдонулуп иштелип чыгат. Текст корпусу – бул маалымат алып жүргүчтөргө жайгаштырылган жана автоматтык иштетүүгө арналган китеп, журнал, гезит ж. б. атайын тандалган жыйнагы. Маалымат корпустарын конструкциялоодон башка корпустук лингвистика текст корпусунан ар кандай маалыматтарды алып чыгууга арналган компьютердик аспаптарды (компьютердик программаларды) да түзөт. Компьютердик лингвистика б-ча изилдөө иштерин бүткүл дүйнөдө региондук түзүмдөрү бар компьютердик лингвистика ассоциациясы жүргүзөт.
Ад.: Баранов А. Н. Введение в прикладную лингвистику. 3-е изд. М., 2007; Компьютерная лингвистика и интеллектуальные технологии. М., 2008. Вып. 7.
С. Төлөгөнова.