КОМИССАРЖЕВСКАЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМИССАРЖЕ́ВСКАЯ</b> '''Вера Фёдоровна''' [27. 10 (8. 11). 1864, Санкт-Петербург – 10 (23). 2. 1910, Ташкент; сөөгү Санкт-Петербургга коюлган] – орус актрисасы. Комиссаржевская комедия жана ыр менен жазылган водевилдерди ийине жеткире аткарган чебер бол­гон. | <b type='title'>КОМИССАРЖЕ́ВСКАЯ</b> '''Вера Фёдоровна''' [27. 10 (8. 11). 1864, Санкт-Петербург – 10 (23). 2. 1910, Ташкент; сөөгү Санкт-Петербургга коюлган] – орус актрисасы. Комиссаржевская комедия жана ыр менен жазылган водевилдерди ийине жеткире аткарган чебер бол­гон. Анын драмалык таланты А. Островскийдин «Сеп­сиз кыз» драмасындагы Ларисанын ролунан ай­кын көрүнгөн. А. Чеховдун «Ак чардак» (1896) пьесасындагы Нина Заречнаянын ролу бүткүл орус театры үчүн жаңы табылга катары зор маа­ниге ээ болгон. 1904-жылы Петербургда менчик театр ачып, анда М. Горькийдин «Дачниктерин­де» Варвара Михайловнанын, «Күн балдарын­да» Лизанын, Г. Ибсендин «Куурчак үйүндө» Но­ранын ролун көркүнө чыгара аткарган. 1906-жылы В. Э. Мейерхольд койгон Метерлинктин «Беат­риса эже» спектаклинде Беатрисанын ролу Комиссаржевскаяга зор ийгилик алып келген. | ||
[[File:КОМИССАРЖЕВСКАЯ28.png | thumb | В. Ф. Комиссаржев­ская – Беатриса.<br>М. Метерлинк, «Беатриса эже».]] | [[File:КОМИССАРЖЕВСКАЯ28.png | thumb | В. Ф. Комиссаржев­ская – Беатриса.<br>М. Метерлинк, «Беатриса эже».]] | ||
08:51, 24 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОМИССАРЖЕ́ВСКАЯ Вера Фёдоровна [27. 10 (8. 11). 1864, Санкт-Петербург – 10 (23). 2. 1910, Ташкент; сөөгү Санкт-Петербургга коюлган] – орус актрисасы. Комиссаржевская комедия жана ыр менен жазылган водевилдерди ийине жеткире аткарган чебер болгон. Анын драмалык таланты А. Островскийдин «Сепсиз кыз» драмасындагы Ларисанын ролунан айкын көрүнгөн. А. Чеховдун «Ак чардак» (1896) пьесасындагы Нина Заречнаянын ролу бүткүл орус театры үчүн жаңы табылга катары зор мааниге ээ болгон. 1904-жылы Петербургда менчик театр ачып, анда М. Горькийдин «Дачниктеринде» Варвара Михайловнанын, «Күн балдарында» Лизанын, Г. Ибсендин «Куурчак үйүндө» Норанын ролун көркүнө чыгара аткарган. 1906-жылы В. Э. Мейерхольд койгон Метерлинктин «Беатриса эже» спектаклинде Беатрисанын ролу Комиссаржевскаяга зор ийгилик алып келген.

М. Метерлинк, «Беатриса эже».
Адегенде Мейерхольдду колдоп, ал койгон А. А. Блоктун «Балаганчик», Л. Н. Андреевдин «Адам өмүрү» спектаклдерин «режиссёрдун шедеври» деп эсептеген. Кийин Мейерхольддун катаал композициясы актёрдук чеберчилигимди чектеп жатат деп эсептеп, Мейерхольдду театрынан кетирген. 1909-жылы Комиссаржевская театрын жабууну чечкен.
Ад.: Рыбакова Ю. П. В. Ф. Комиссаржевская. Летопись жизни и творчества. СПб., 1994.