КЕМАНЧА музыкалык аспап: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Created page with "'''КЕМАНЧА''', кяманча (персче кеман – жаа) – азербайжан, армян, грузин жана дагестандыктардын бай...")
 
 
(Айырма жок)

09:05, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЕМАНЧА, кяманча (персче кеман – жаа) – азербайжан, армян, грузин жана дагестандыктардын байыркы жаалуу тартма музыкалык аспабы. Ошондой эле Орто жана Жакынкы Чыгыш элдеринин да музыкалык аспабы. Кеманча тулкусу жыгачтан чабылат. Чарасы жука, балыктын териси менен капкакталат. Моюну узун, ичке буту темирден, кеманча тизеге коюп, жерге коюп отуруп ойнолот. Кеманча 2, 3, 4 кылдуу болот. Жалпы узундугу 850-900 миллиметр. Жеке, ансамблде, эл аспаптар оркестринде ойнолот. Ырларды, аспаптык чыгармаларды коштоого алат.