БИСКАЙЯ БУЛУӉУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

28 март 2024, саат 11:52 учурдагы нуска

БИСКА́ЙЯ БУЛУӉУ Атлантика океанында, Франция м-н Испаниянын жээгинде. Аянты 200 миӊ км2. Уз. 400 км, тереӊд. 5120 мге чейин. Луара, Гаронна д. куят. Катуу шамал тез-тез болуп турат. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийикт. 7 мге чейин). Балык (сардина, анчоус) кармалат, устрица промысели иштейт. Башкы порттору: Бордо (Франция), Сан-Себастьян, Бильбао (Испания).