АЭРОДИНАМИКАЛЫК КОЭФФИЦИЕНТТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

20 февраль 2022, саат 08:22 учурдагы нуска

 ‒ суюктукта же газда кыймылдаган нерсеге аракет эткен аэродинамикалык күчтү ж-а моментти мүнөздөөчү өлчөмсүз чоӊдуктар. Аэродинамикалык күчтөрдү ж-а моменттерди өлчөмсүз А. к. түрүндө туюнтуу аэродинамикалык изилдөөгө ж-а эсептөөгө чоӊ таасир берет, аларды бир топ жөнөкөйлөтөт. Жапыз, үн ылдамдыгынан жай учкан, мах саны М<0,2 барабар чоӊ учуучу аппараттарда А. к. анын формасына ж.б. көз каранды. Жалпы учурда А. к. газдардын илээшкектигин, кысылуусун ж-а жылуулук сыйымдуулугун мүнөздөгөн өлчөмсүз окшоштук ченемдерине көз каранды.