БРОНЕТРАНСПОРТЁР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 09:03 учурдагы нуска
БРОНЕТРАНСПОРТЁР — брондолгон, ылдам жүрүүчү чынжыр тамандуу (гусеницалуу) же дөӊгөлөктүү аскер машинасы. Б. мотоаткычтар аскерин, ар түрдүү согуш жүктөрүн ж-а куралдарын ташууда пайдаланылат. Анын корпусу бактериологиялык ж-а хим. куралдардан, радиациялык жапа чегүүдөн коргонууга ылайыкталган. Б-дун авиатранспортко жүктөөгө ыӊгайлуу ж-а сууда сүзүүчү түрлөрү бар. Чынжыр тамандуу Б-дун эӊ жогорку ылдамдыгы 70 км/c; дөӊгөлөктүүсүнүкү 90–100 км/ска жетет.
