БРОМДУУ ЭТИЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 09:03 учурдагы нуска
БРОМДУУ ЭТИЛ , э т и л б р о м и д и, CH3CH2Br – хлороформ жыттанган түссүз суюктук. Мол. м. 109,04; эрүү t 119, 60°С, кайноо t 38,2°С. Сууда эрибейт, эфир, этил спирти ж. б. эриткичтерде эрийт. Ал этанга бромду же этиленге НВrду түздөн-түз таасир этүүдөн алынат. Металлдар ж-а нуклеофилдүү реагенттер м-н орун алмашуу реакциясына кирет. Орг. синтезде алгачкы сырьё, этилдөөчү агент, өрт өчүрүүчү заттардын компоненти катары колдонулат. Наркоздук ж-а ооруну басаӊдатуучу касиетке ээ.