АТАКАМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
556-684>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
19 февраль 2022, саат 18:37 учурдагы нуска
‒ Чилинин түндүгүндөгү чөл. Тынч океанды жээктей 22‒27° түш. кеӊдиктеринин аралыгында жайгашкан. 22° түш. кеӊдиктен түндүктө Тамаругаль деп аталат. А. чөлүнүн пайда болушу, анын субтропиктик антициклондун чыгыш бөлүгүндө жайгашкандыгына байланыш туу. Климаты тропиктик, пассаттык, перу муздак агымынын таасиринен салыштырмалуу салкын. Жылдык жаан-чачыны 50 ммден аз (материктин эӊ кургакчыл жери). А. аркылуу Лоа д. агат. Негизинен кум ж-а шор топурактуу; сейрек бадал ж-а кактус өсөт. Натрий ж-а калий селитрасы, йод, кайнатма туз, жез (Чукикама та, Эль-Сальвадор ж. б.) кендери бар. А. индейлер тилинде ‒ «чөлдүү жер» дегенди билдирет.