БОМБА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
28 март 2024, саат 09:03 учурдагы нуска
БО́МБА (лат. bombus – дүрүлдөө, дүӊгүрөө) – 1) артиллериялык снаряддын эски аталышы. 19-к-дан баштап, орус артиллериясында салмагы 1 пуддан (16 кг) ашкан снаряд Б. деп аталган (андан жеӊили – граната). 2) Авиац. Б. – авиац. курал-жарактардын бир түрү. Ядролук, фугастык, жарылып чачырагыч, броня жаргыч, танкага, кемеге каршы ж. б. түрлөрү бар. 3) Суу астындагы кайыктарды кыйратуучу снаряд. Мындан тышкары, диверсиялык максатта даярдалган колдо жасалган снаряддар да Б. деп аталат.