БЫЧУУЧУ МАШИНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
27 март 2024, саат 07:37 учурдагы нуска
БЫЧУУЧУ МАШИ́НА – бычуу үчүн даярдалып коюлган кат-кат полотнону үлгүгө салып кесүүчү машина. Кездеменин бычылышы машинанын констр-сына, кездеменин калыӊдыгына ж-а сапатына жараша болот. Тигүү өндүрүшүндө бычагы көбүнчө түз ж-а диск түрүндөгү машиналар колдонулат. Мындай машинанын бычагы болоттон жасалып, алдыга ж-а артка жылат. Бычагы диск түрүндөгү машина кесүүгө даярдалган материалды тез кесет.