БУРЧТУ ҮЧКӨ БӨЛҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
27 март 2024, саат 07:37 учурдагы нуска
БУРЧТУ ҮЧКӨ БӨЛҮҮ – эркин алынган бурчту циркуль ж-а сызгычтын жардамында барабар 3 бөлүккө бөлүү ж-дөгү чыгарууга карата берилген байыркы маселелердин бири. Байыркы Грекияда классикалык үч маселеге кубдун эки эселениши, тегеректин квадратурасы ж-а Б. ү. б. кирген. Бул маселе х3+рх +q=0 түрүндөгү толук эмес 3-тартиптеги теӊдеменин тамырын чыгарууга келтирилет. Маселенин айрым учурун эске албаганда, мис., берилген бурч тик болсо, циркуль, сызгычтын жардамы м-н чыгарууга мүмкүн эместигин 1837-ж. француз математиги П. Ванцель далилдеген.