БУРГАНАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
27 март 2024, саат 07:37 учурдагы нуска
БУРГАНАК – кар аралаш шамал. Мындай шамал кар кыртышын учуруу м-н болот. Б. кардын жаашы м-н кошо жүрсө, борошо деп аталат. Эгер кардын кыртышы өтө эле кургак ж-а тыгыздыгы начар болсо, желаргыдан деле кардын майдаланып учушу байкалат. Б. автомобиль ж-а темир жолдорду, самолёт конуучу аянттарды карга толтуруп, жол катнашын начарлатат. Б. дөӊсөөлөрдөгү карды учуруп, ойдуӊдарга толтургандыктан, ал жерлердеги жер кыртышынын нымдуулугу ар кандай абалда (ойдуӊдар – өтө нымдуу, дөӊсөө жерлер – нымсыз) болуп, а. ч-га зыянын тийгизет.