ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

25 март 2024, саат 10:51 учурдагы нуска

ГЕОТЕРМДИК БАСКЫЧ – жер кыртышындагы тоо тектердин темп-расынын туруктуу деӊгээлден баштап, тереӊдеген сайын 1°С жогорулаган аралык (м). Г. б. чоӊдугу, жер кыртышындагы ар башка жерлер м-н ар башка тереӊдиктерде 5 мден 150 мге чейин өзгөрөт. Орточо чоӊдугу 33 мге барабар кабыл алынып, ал чөкмө тектердеги нормалдуу жылуулук агымды мүнөздөйт. Өтө тереӊдиктерде басым чоӊойгон сайын жылуулук өткөргүчтүктүн да жогорулашына байланыштуу темп-ранын өсүшү же басаӊдашы болжолдонот.