АЛБАРСТЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
228-323>KadyrM No edit summary |
imported>Kadyrm м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
| |
25 январь 2022, саат 15:30 учурдагы нуска
‒ диндик түшүнүктөгү жин-шайтандын аял кейпиндеги элестителген сыпаты; чачы жайылган, эмчеги салаӊдаган, эки ийнине арта салган, көрүнчү сөлөкөт. Кыргыздар ‒ албарсты, казактар, түрктөр, татарлар, башкырлар, өзбектер, тубалар, алтайлыктар ‒ албасты, түркмөндөр ‒ ал, албассы, ногойлор м-н каракалпактар ‒ албаслы, азербайжандар ‒ хал, халанасы, кумыктар ‒ албаслы катын, балкар м-н карачайлар ‒ алмасты дешет. Адам уктап жатканда жүрөк кагышынын начарлап, деми кыстыгып кыйналган же төрөт учурунда кыйналып алсыраган аялдын оор абалын динчил адамдар А-нын басышы м-н байланыштырышкан. Мындай түшүнүктөр адам организминдеги физиол. процесстерди билбегендиктен келип чыккан.