АКИХИТО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
180-227>KadyrM No edit summary |
180-227>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
18 апрель 2022, саат 09:13 учурдагы нуска
(23. 12. 1933‑ж. т., Токио) – Япониянын 125‑императору (1989–2019). Император Хирохитонун тун уулу. 1952‑ж. мураскор принц деп жарыяланган. 1956‑ж. Гакусюин ун‑тинин саясий илимдер ж‑а экономика
ф‑тин бүтүргөн, андан сырткары атасы сыяктуу эле деңиз биологиясын изилдеген. А. ихтиология маселелери б‑ча илимий макалалардын, Япониянын балыктары ж‑дөгү эмгектин автору. Линнейдин Лондон Коомунун (1986), лондондук Зоологиялык коомдун (1992) ж‑а Аргентинанын Табигый илимдер изилдөө ин‑тунун (1997) ардактуу мүчөсү.