АК-БУЛАК - Түп районундагы кыштак: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
imported>Kadyrm
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 апрель 2022, саат 06:49 учурдагы нуска

– Ысык‑Көл обл‑нун Түп р‑ндагы кыштак. Ысык‑Көл ойдуңунун түн.-чыгышын­да, Күнгөй Ала‑Тоонун этегинде, деңиз деңг. 1740 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Ка­ракол ш‑нан 42 км, райондун борбору Түп кыш­нан 13 км түн.-батышта, Балыкчы темир жол бекетинен 174 км. 1961‑ж. отурукташкан. Кал­кы 1057 (2009). Күрмөнтү цемент ж‑а кыш з‑дцо­ру иштейт. Ал жыл сайын респ‑да өндүрүлгөн клинкердин 8,5% ин (83 миң гг), цементтин 8,0% ин (97,1 миң п) иштеп чыгарат. Орто мек­теп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.