АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

29 август 2023, саат 08:55 учурдагы нуска

АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ (лат. adventicius ­келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калып­танып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар). Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабак­тын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жал­быракта жана тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр систе­масын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.

                                                        	                                                                       А.Мурсалиев.