АВЛЕТИМ (кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Begay м (Begay moved page АВЛЕТИМ to АВЛЕТИМ (кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
14 август 2023, саат 10:46 учурдагы нуска
АВЛЕТИМ, А ф л а т у н – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Авлетим айыл аймагынын борбору. Ит-Агар суусунун боюнда, Бозбу-Тоонун түндүк-чыгыш этегинде, деңиз деңгээлинен 1110 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 24 км түндүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. 1922-жылы отурукташкан. Калкы 2102 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында, токойчулукта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, оорукана, токой чарбасынын кеңсеси бар. Эки мончо, 4 тегирмен, май сыгуучу жана жыгаччылык цехи, 2 ашкана, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.