ВЕНГРИЯДАГЫ КОЗГОЛОӉ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ВЕНГРИЯДАГЫ КОЗГОЛОӉ ''' 1956-ж. 23-октябрда өлкөдө экон. ж-а саясий реформаларды жүргүзүү талабын койгон массалык демонстрация м-н башталган. Демонстрацияга чыккандар Венгрия аймагынан сов. аскерлерди чыгарып кетүүнү ж-а өкмөт башчылыгына Имре Надды кайра коюуну талап кылышкан. Демонстрациянын жүрүшүндө эл м-н аскерлердин ортосунда кагылышуу башталган. Кийинки күнү Надь өкмөт башчысы болуп дайындалган ж-а ал реформаларды жүргүзүүнү колдоп чыгып, Венгриянын ''Варшава келишим уюмунан'' чыккандыгын жарыялаган. Ошол эле учурда Я. Кадар жетектеген компартиянын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү сов. жетекчилик м-н байланышып, И. Надды бийликтен алуу планын иштеп чыккан. 4-ноябрда Венгриянын аймагына сов. аскерлер киргизилип, Будапешт алынат. Бир нече миӊдеген венгрлер курман болгон, 200 миӊге жакыны эммиграцияга кеткен. И. Надь ж-а козголоӊдун башка жетекчилери жашыруун түрдө камакка алынып, өлтүрүлгөн. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
25 март 2024, саат 02:40 учурдагы нуска
ВЕНГРИЯДАГЫ КОЗГОЛОӉ 1956-ж. 23-октябрда өлкөдө экон. ж-а саясий реформаларды жүргүзүү талабын койгон массалык демонстрация м-н башталган. Демонстрацияга чыккандар Венгрия аймагынан сов. аскерлерди чыгарып кетүүнү ж-а өкмөт башчылыгына Имре Надды кайра коюуну талап кылышкан. Демонстрациянын жүрүшүндө эл м-н аскерлердин ортосунда кагылышуу башталган. Кийинки күнү Надь өкмөт башчысы болуп дайындалган ж-а ал реформаларды жүргүзүүнү колдоп чыгып, Венгриянын Варшава келишим уюмунан чыккандыгын жарыялаган. Ошол эле учурда Я. Кадар жетектеген компартиянын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү сов. жетекчилик м-н байланышып, И. Надды бийликтен алуу планын иштеп чыккан. 4-ноябрда Венгриянын аймагына сов. аскерлер киргизилип, Будапешт алынат. Бир нече миӊдеген венгрлер курман болгон, 200 миӊге жакыны эммиграцияга кеткен. И. Надь ж-а козголоӊдун башка жетекчилери жашыруун түрдө камакка алынып, өлтүрүлгөн.