КРУТИХИН Юрий: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page КРУТИХИН to КРУТИХИН Юрий) |
(Айырма жок)
| |
6 февраль 2026, саат 08:21 учурдагы соңку нуска
КРУТИ́ХИН Юрий (1. 5. 1932-жылы туулган, Ульянов облусу, Веткайский району, Степное айылы) – спортчу (шахмат), Кыргызстандын шахмат боюнча көп жолку чемпиону. КМДТИни бүтүргөн. 1951–56-ж. армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1956–65-ж. «Алга» спорт коомунун алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинде улук машыктыргыч, 1971– 73-ж. КАЧИде дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, шахмат богюнча улук машыктыргыч болуп иштеген. 1961-ж. шахмат боюнча СССРдин спорт чебери деген наамга Кыргызстандан биринчи татыктуу болгон. 1947–51-ж. жаштар арасында, 1951–66-ж. Кыргыз ССРинин чемпиону, СССРдин 3–5-спартакиадаларынын катышуучусу (1959, 1963, 1967), «Динамо» спорт коомунун чемпиону.