КРИПТОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

29 январь 2026, саат 10:05 учурдагы соңку нуска

КРИПТОГРА́ФИЯ – (крипто... жана ...графия) берилишти жана кабарды коргоо технологиясы, чыгармачылыгы жана илими. К. берилиштер үчүн жашыруундуулук, бүтүндү жана аныктуулукту текшерүүнү камсыз кылат. К-да ачык ачкычты колдонуу жолу кеңири белгилүү. Ал жолдо К. ыкмасы болуп эки башка ачкыч колдону­лат: биринчиси берилишти шифрлөө үчүн ачык ачкыч жана экинчиси – чечмелөө үчүн жабык ач­кыч. Ачык ачкычты колдонгон К. асимметрия­луу К. деп аталат. Бул К. үчүн стандарттар тобу кабыл алынган. Стандарттар RSA Data Sekurity, Inc компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана учурда ал өркүндөтүлүүдө.