КЫЗЫЛ-КЫРМАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

20 декабрь 2025, саат 11:26 учурдагы нуска

КЫЗЫЛ-КЫРМАН – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Баш-Дөбө айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 8 км батыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 62 км. 1948-ж. негизделген. Калкы 1630 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар. Тамактануучу жай, жыгач иштетүүчү цех, пахта тазалоочу пункт иштейт.