КЫЗЫЛ-КӨЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
20 декабрь 2025, саат 11:26 учурдагы нуска
КЫЗЫЛ-КӨЛ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна карайт. «Аркыт» токой чарбасынын аймагында, деңиз деңг. 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 80 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 55 км. Калкы 1008 (2009); негизинен токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.