КОМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13 декабрь 2025, саат 17:01 учурдагы нуска

КО́МА (гр. kjma – терең уйку) – борб. нерв сис­темасы катуу жабыркап, акыл-эс жоголуп, өмүргө коркунуч туудуруучу абал. Түрдүү оору­лардын (энцефалит, менингит, безгек, инсульт, кант диабети, гепатит, уулануу, мээ травма­сы ж. б.) оор кабылдоосунан болот. К. болгон адам адегенде эсинен танат, начар угат, терең уйкуда жаткандай сезилет, айлана-чөйрөнү сез­бейт, көздүн кареги чоңоёт, жарык көрбөйт, заа­ра рефлекси жоголот, кыркырап тез-тез дем алат. Айрым учурда кан басымы төмөндөгөндүк­төн, коллапс пайда болот.