ГЕРМЕНЕВТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

24 март 2024, саат 17:18 учурдагы нуска

ГЕРМЕНЕ́ВТИКА (гр. hermeneutikе – түшүндүрүү, талкуулоо) – котормочулук, түшүндүрүүчүлүк өнөрү (Гермес байыркы грек мифологиясында кудай м-н адамдардын ортосундагы ортомчу болгон), байыркы доордун, Библиянын ж. б. эзелки классикалык тексттерди (көптөгөн символдорун, кыйытып, каймана айтылгандарды) талдап чечмелөө теориясы. Кайра жаралуу заманы калыптангандан тартып, антикалык маданий эстеликтерди заманбап мад-ттын жандуу тилине которуу классикалык филологиянын өзгөчө өнөр тармагы катары карала баштаган. Г. – түшүнүүнүн ж-а түшүндүрүүнүн окуусу. 19-к-дан тартып рух ж-дөгү илимдин методологиясы болуп калды.