КЕРЕЙ ТИТАН КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10 ноябрь 2025, саат 08:30 учурдагы нуска

КЕРЕЙ ТИТА́Н КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ноо­кен р-нунда, Жалал-Абад ш-нан 70–80 км түн.- батыш тарапта, Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. капталында. 1949-ж. изилденген. Кен аймагын силур м-н девондун чөкмө тектери ж-а аны жи­реп чыккан ультранегиздүү интрузия түзөт. Кен­таш габбро-диабаз штогунда жайгашкан. Ал майда, чачыранды сепкил түрүндөгү ильменит минералынан турат. Кошунду түрдө марганец, ванадий, жез минералдары кездешет. Кендеги титандын кондициялык өлчөмү 3,44%ке чейин.