КЕЙП-ЙОРК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10 ноябрь 2025, саат 08:29 учурдагы нуска

КЕЙП-ЙОРК – Австралиянын түн.-чыгышын­дагы жарым арал. Коралл (Шуру) деңизи м-н Карпентария булуңунун аралыгында. Аянты 300 миң км2. Түндүктөн түштүктү карай 600 кмге созулат, жазылыгы 200 кмге чейин. Түндүгүндө Австралиянын эң түн. чекити – Йорк тумшугу жайгашкан. Жеринин бети негизинен түздүктүү; чыгыш бөлүгүндө Мак-Илрейт кырка тоосу жай­гашкан (эң бийик жери 685 м, Картер чокусу).
Негизги дарыялары – Уэнлак, Арчер. Боксит кени казылып алынат (Уэйпада). Эвкалипт то­кою, чыгышында дайыма жашыл нымдуу ж-а тропик токою басымдуу. Жардин-Ривер, Ар­чер-Бенд улуттук парктары бар. Жээгинде Порт- Стьюарт порту жайгашкан.