КАТАКЛАЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
6 октябрь 2025, саат 16:00 учурдагы нуска
КАТАКЛА́З (гр. kataklf– – талкалайм) – тектон. кыймылдардын, метаморфизмдин таасиринен тоо тектери м-н минералдардын түзүлүшүнүн өзгөрүшү ж-а талкаланып кетиши. Негизинен тектон. жаракаларда, метаморфизм аймактарында байкалат. Мында минералдардын кристаллдык торчосу бузулат. Кристаллдарынын өлчөмү өзгөрөт. К-дык түзүлүш келип чыгат. Микроскоп м-н аныкталат. Өтө майда талкаланса, «тектон. ун» (тоо уну) деп аталат. Аймак минерал заттардын эритиндилерин өткөрүүгө жакшы шарт түзөт. Натыйжада алардын кени топтолот.