КАРА-СУУ КВАРЦ КУМУ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 сентябрь 2025, саат 13:12 учурдагы нуска
КАРА-СУУ КВАРЦ КУМУ КЕНИ Баткен
обл-нун Лейлек р-нунда, Исфана ш-нан 5 км түн.-чыгышта, деңиз деңг. 1147–1355 м бийикте. 1993–94-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы
чалгындаган. Кен аймагы палеозой, палеоген, төртүнчүлүк системаларынын карбонат-терриген катмарларынан турат. Кварц куму палеогендеги сузак катмарчасы м-н байланышып, үч кабатка бөлүнгөн. Кумдун орт. калыңдыгы 25,05 м. Кум ылгоодон кийин айнек идиш, бөтөлкө, изолятор, түтүкчө, такта айнек жасоого ж-а айнек кебезин өндүрүүгө жарамдуу.
Запасы В категориясы б-ча 1494 миң т, С1 –
5380 миң т.