КАРАПЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 сентябрь 2025, саат 13:12 учурдагы нуска

КАРАПЧЫ – байыркы жоокерлердин коргонуу куралы. Ал билекке, колдун кырк муунунан чыканакка чейин кийгизилген. К. алгач катуу жыгачтан, булгаары же кайыш капталган ши­риден, кийин металлдан жасалган. Чокмор, шылк этме, ай балта, кылыч, канжар окшогон куралдардан коргонуу үчүн колдонулган. К-ны атчан жоокерлер пайдаланган. Атма куралдар чыккандан кийин К. пайдаланылбай калды.