ИСАКЕЕВ (Кочкор районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИСАКЕЕВ to ИСАКЕЕВ (Кочкор районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
17 сентябрь 2025, саат 09:46 учурдагы нуска
ИСАКЕЕВ (мурдагы Большевик), Ү к ө к – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Кочкор айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1810 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 7 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 67 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1880 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Мончо, медпункт иштейт. Ушул кыштакта туулган коомдук ишмер Б. Д. Исакеевдин ысмы ыйгарылган.