КАНТТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
7 сентябрь 2025, саат 08:08 учурдагы нуска
КАНТТАР (сахара) – углеводдордун мол. саны чоң эмес өкүлдөрү – моносахариддер ж-а олигосахариддер (ди-, три-, ж. б. сахариддер). К. сууда абдан жакшы эрийт ж-а жакшы кристаллданат. Аларга сахароза – бал камыш ж-а кызылча канты, лактоза – сүт канты, мальтоза – угут канты, глюкоза – жүзүм канты, о. эле молекуласында ОН тобунун ордуна башка топтор (NH2, SH ж. б.) болгон К. кирет (к. Углеводдор, моносахариддер, олигосахариддер).