ГИПОТЕЗА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

24 март 2024, саат 16:43 учурдагы нуска

ГИПО́ТЕЗА (гр. gypjthesis – негиз, божомол) – кубулуштардын чыныгы маӊызы ж-дө божомолдоп ой жүгүртүүгө негизделген, ырастыгы тажрыйбада али такталбаган кубулушту иликтөөгө киришүү үчүн пайдаланылуучу ил. ыкма; илимдин өнүгүү формасы. Г-сыз эч бир ил. тармактын өнүгүшү мүмкүн эмес. Г. ар дайым теория м-н эриш-аркак өнүгөт. Г-лардын ил. ачылыштардагы ролу зор. Азыркы кездеги илимдин өнүгүшүнүн глобалдык мүнөзү, эӊ татаал эксперименттердин массалуулугу барган сайын теор. ойлоого мажбурлоодо, демек эӊ оболу Г-ларга көбүрөөк муктаж болууда.