ИНИЦИАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

22 август 2025, саат 03:14 учурдагы нуска

ИНИЦИА́ЦИЯ (лат. initiatio – өтө сырдуу) – алгачкы жамааттык коомдогу ырым-жырым­дардын бир түрү. Балакатка толгон өспүрүмдөр урууга мүчө болуп өтөрдүн алдында сүннөткө отургузуу, кескилөө, тишин сындыруу, түтүнгө тумчуктуруу ж. б. сыяктуу үрп-адаттар жүргү­зүлгөн. Сыноодон өткөндөн кийин аларга чоң кишидей мамиле жасала баштаган. И. жаштар­ды уруу ичиндеги чарбалык, коомдук, никелик ж-а рухий турмушуна даярдоо максатын көздө­гөн. И-нын айрым ырымдары жаш балдарга да колдонулган. И-дан калган ырым-жырымдар – иудаизмде ж-а исламда сүннөткө отургузуу, хрис­тиан дининде чокундуруу ж. б.

Ы. Кадыров.