БУКАРА (Панфилов районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

7 август 2025, саат 10:13 учурдагы соңку нуска

БУКАРА – Чүй облусунун Панфилов районундагы кыштак. Орто айыл округуна караштуу. Чоӊ Кайыӊды суусунун сол өйүзүндө, деӊиз деӊгээлинен 946 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кайыӊды шаарынан 21 км түндүк-чыгыш тарапта. 1929-жылы отурукташкан. Калкы 1017 (2022); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.