ЖЭЭК (Ысык-Ата районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖЭЭК 3 to ЖЭЭК (Ысык-Ата районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
4 август 2025, саат 03:07 учурдагы нуска
ЖЭЭК – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Жээк айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 800 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кант шаарынан 7 км түштүк-чыгыш тарапта. Кыштактын түндүгүнөн Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1916-жылы негизделген. Калкы 1155 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар. Колхоздоштуруу мезгилинде баатырларча курман болгон,ушул кыштакта туулган каарман пионер Кычан Жакыповго эстелик тургузулган ж-а мектепте музейи уюштурулган.