ЖЕТИГЕН (Токтогул районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

17 июль 2025, саат 04:52 учурдагы нуска

ЖЕТИГЕН – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Үч-Терек айыл округуна ка­раштуу. Тартуулук суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1880 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 75 км түштүк-чыгыш та­рапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 170 км. Кал­кы 2673 (2022); негизинен дыйканчылык ж-а мал чарбасы м-н алектенет. Орто ж-а баштал­гыч мектеп, амбулатория, китепкана, клуб, поч­та бөлүмдөрү бар. Тегирмендер (үчөө суу, үчөө электр м-н) иштейт.