ГЕРЦ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

24 март 2024, саат 16:42 учурдагы нуска

ГЕРЦ , Х е р ц (Hertz) Генрих Рудольф (22.2.1857, Гамбург – 1.1.1894, Бонн) – немец физиги. Электр-магнит толкунунун бар экенин тажрыйба жүзүндө (вибратордун жардамы м-н, 1886–89) далилдеген. Максвелл теӊдемесин симметриялык формага келтирген (1890). Электр-магнит ж-а жарык толкундарынын негизги касиеттеринин теӊдештигин тажрыйбада аныктаган. Сырткы фотоэффект кубулушун (1887) ачкан. Өз ысмы м-н аталган принципке негизделген механиканы түзгөн.