ЖАҢЫ-АРЫК (Араван районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

9 июль 2025, саат 03:27 учурдагы нуска

ЖАҢЫ-АРЫК – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Маңгыт айыл округуна караштуу. Де­ңиз деңгээлинен 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 16 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1900-жылы не­гизделген. Калкы 2558 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, ФАП, тегирмен, мончо иштейт.