«ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕР СОЮЗУ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

8 июль 2025, саат 07:40 учурдагы нуска

ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕР СОЮЗУ – 1917-жылы Февраль төңкөрүшүнүн жеңи­шинен кийин Ош уездинде түзүлгөн жергиликтүү жу­мушчулар менен кедей-кембагалдар уюму. Неги­зинен ага кыргыз, өзбек жумушчулары кирген. Анын максаты жумушчу-дыйкандардын эзилип жаткан абалынан жана мусулман дининин тааси­ринен пайдаланып, аларды падышалык бийлик­тин буга чейин жүргүзгөн саясатына каршы үгүт­төө болгон. Бул союздун демилгеси менен 1917-жылы 21-августта Мусулман депутаттар совети (ки­йин Ош мусулман жумушчулары менен чайрикер депутаттар совети болуп аталган) шайланган. Натыйжада, кийин бул союз Кыргызстанга Совет бий­лигин орнотууну толук колдоп, ал бийликти чыңдоого активдүү катышкан.


Ад.: Зима А. Г. Победа Октябрьской революции в Киргизии. Ф., 1966.