КАЙЫҢ-ТАЛАА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 июль 2025, саат 09:49 учурдагы нуска

КАЙЫҢ-ТАЛАА – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак. Кызыл-Жар айыл окру­гуна караштуу. Алайкуу өрөөнүндөгү Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 2120 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кара- Кулжа кыш-нан 107 км түш.-чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 195 км. Калкы 1267 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, медпункт бар. Турмуш-тиричи­лик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Чек арачы А. Сидровго эстелик тургу­зулган.