КАЙРАТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 июль 2025, саат 09:49 учурдагы нуска
КАЙРАТ – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Зергер айыл округуна караштуу. Зергер суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 18 км түш.-чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 68 км. Калкы 1445 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, дарыкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, тегирмен иштейт.